«Бала ырысы» трендге айланды: Алгачкы жөлөк пулду алган энелер кубанычын соцтармакта бөлүшүүдө
Кыргызстанда жаңы киргизилген «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулунун алгачкы төлөмдөрү бериле баштады. Декреттеги энелер алгачкы каражатты алган кубанычын социалдык тармактарда видеого тартып, жүрөк жылыткан роликтерди жарыялоодо.