“БАЛА ЫРЫСЫ” ЖӨЛӨК ПУЛУН АЛУУ ШАРТТАРЫ КАНДАЙ?
Президент Садыр Жапаров жакында үч жашка чейинки балдарга бериле турган “Бала ырысы” аттуу жаңы мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койгон. Маалыматка ылайык, бул жөлөк пул үй‑бүлөнүн кирешесине карабастан, 3 жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сом өлчөмүндө 2026-жылдын 1-июлунан тарта бериле турган болду.
Калкты, анын ичинен балдарды камкордукка алуу үчүн негизделген жаңы жөлөк пулду берүү жана аны алуу шарттары тууралуу суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жоомартова жооп берди:
— Адел айым, биздин окурмандарга жаңы социалдык колдоо тууралуу маалымат берип өтсөңүз. Азырынча анын 3 жашка чейинки бардык балдарга бериле турганын гана билебиз.
— Президентибиз Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен ишке ашып жаткан “Бала ырысы” жөлөк пулу буга чейин берилип келген башка жөлөк пулдарга катарлаш эле түзүлдү. Анын артыкчылыгы – үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык абалына карабастан төлөнө тургандыгында. Өлчөмү 1200 сом деп белгиленген. Бирок, бийик тоолуу райондордо жашаган балдарга райондук коэффициентти эске алуу менен эсептелип берилет.
— Жөлөк пулду алууга кандай документтер талап кылынат?
— Ата-эненин паспорту, ПИН, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ПИН керектелет. Жөлөк пулду алуу үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин райондук башкармалыктарына арыз менен кайрылуу керек. Эске ала турган маселе, социалдык колдоону алууга арыз берген эне сөзсүз бала менен жашашы керек.
— Тоолуу райондордо башкача эсептелет деп жатпайсызбы? Ошондо жөлөк пулдун өлчөмү 1200 сомдон жогору болушу мүмкүнбү же төмөндөйбү?
— Ооба, ар бир тоолуу райондун өзүнүн коэффициенти болот. Ошого жараша эсептелип берилет. Тоолуу райондордо жашаган жашы 3кө жете элек балдарга берилүүчү жөлөк пул орточо эсеп менен 1400 сом болуп калышы ыктымал. Негизгиси, арыз берген үй-бүлө жетүүгө кыйын болгон же тоолуу аймакка кирген жерде туруктуу жашоосу шарт. Арыз бергенге чейин да 2 жыл ошол аймакта туруктуу жашаган болушу керек. Эгер үй-бүлө жөлөк пул алып жаткан убакыт аралыгында жер которуп кетсе, анда чегерилбей калат. Негизи эле социалдык колдоо көрсөтүүдө бийик тоолуу аймактарда жашаган энелерди, балдарды колдоо жакшы. Анткени, алардын жашоо-шарты кыйын. Жумуш менен камсыз болуу да оңой эмес.
— Бул жөлөк пулду башка жөлөк пул алгандар да ала алабы?
— “Тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жана “Үй-бүлөгө көмөк” деген эки жөлөк пул бар эмеспи. Ушул социалдык колдоону алгандардын 3 жашка чейинки балдары болсо, “Бала ырысын” да ала башташат. Эгер колдоо алып жаткан үй-бүлөнүн 3 жаштан чоң балдары бар болсо, алар “Үй-бүлөгө көмөк” колдоосун ала беришет. Учурда аталган жөлөк пулду өлкөдөгү 43 миң үй-бүлөнүн 157 миң баласы алат. Белгилей кетүүчү жагдай, эгер үй-бүлөнүн 3 жашка чейинки бир нече баласы болсо, алардын баары “Бала ырысын” ала алышат.
— “Бала ырысы” каржылык колдоосун алууга арызды онлайн тапшыруу каралганбы?
— Албетте, “Түндүк” тиркемеси аркылуу арыз берсе болот. Арыз берүү үчүн алгач балдардын күбөлүктөрүн санариптештирип алуу зарыл. Тиркемеде атайын модуль ачылууда. Ошол модуль аркылуу арыз берүүгө болот.
— Жөлөк пулду берүү кайсы учурда токтотулат?
— Бала 3 жашка чыкканда же каза болуп калган учурда. Кыргызстандын жарандыгынан чыкканда токтотулат. Эгер бала 3 жашка чейин ата-энесинен ажырап, мамлекеттин карамагына алынса да каржылык колдоо берилбейт.
— Мигранттардын балдарына да чегерилеби?
— Ата-энеси кыргыз жарандыгын алып, бирок бала башка өлкөдө төрөлүп калса, анда жөлөк пул берилет. Эгер ата-энелеринин жарандыгы башка болсо, анда чегерилбейт.
— Учурда колдоого муктаж айрым үй-бүлөлөр “Социалдык контракт” алып жатышат. Бул учурда да берилеби?
— Ооба, берилет. Азыр “Бала ырысы” жөлөк пулун берүү шарттары толук иштелип чыгып, тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө. Андан тышкары каржылык колдоону берүүнүн жобосу да иштелип чыгууда. Андыктан, жөлөк пулдун берилиши сөзсүз ишке ашырылат. Аны берүү механизмдери болушунча жеңилдетилүүдө.
Жазгүл Кенжетаева