“Бала ырысы” жөлөк пулу. Документтер, шарттар жана төлөө тартиби

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 406

“Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталды

Бүгүнтөн тарта 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул — “Бала ырысы” программасы боюнча арыздарды кабыл алуу расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди.

Алгачкы арыздар түшө баштады

Брифингдин жүрүшүндө маалымдалгандай, эртең мененки сааттардан тарта эле 700дөн 1000ге чейин арыз кабыл алынган.

Министрдин орун басарынын айтымында:

өлкө калкынын 38%ын балдар түзөт;
3 жашка чейинки балдардын саны 440–470 миңдин тегерегинде.
Арыз берүү тартиби

Жөлөк пулга арыз берүү эки жол менен жүргүзүлөт:

мобилдик тиркеме аркылуу;
аймактык башкармалыктар аркылуу.

Жарандар июль айында арыз тапшыра баштаса, жөлөк пул август айынан тарта төлөнө баштайт.

Төлөмдөр кайсы банктар аркылуу жүргүзүлөт

Жөлөк пул төмөнкү мамлекеттик банктар аркылуу берилет:

«Элдик Банк»
«А Банк»
Жөлөк пулдун өлчөмү

Маалыматка ылайык, “Бала ырысы” жөлөк пулу ар бир 3 жашка чейинки бала үчүн ай сайын 1200 сом өлчөмүндө белгиленген.

Керектүү документтер

Арыз берүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн паспорту;
баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
белгиленген формадагы арыз;
кошумча талап кылынуучу документтер (зарыл болсо).

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 406
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X