«Бала ырысы»: Жөлөкпул алуу үчүн 193 миңден ашуун арыз берилди
Кыргызстанда «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн 193 миңден ашуун арыз катталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун жыйынында айтылды.
1-августка карата 191 миңден ашык балага жөлөкпул дайындалып, төлөмдөргө бюджеттен 235,8 млн сом бөлүнгөн.
Улан Маматканов жөлөкпулду берүү процесси жөнөкөй, даректүү жана ачык болушу керектигин белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга көйгөйлөрдү тез арада чечүү жана маалыматтык системаларды интеграциялоо иштерин аяктоо тапшырылды.
Эске салсак, «Бала ырысы» жөлөкпулу төрөлгөндөн 3 жашка чейинки бардык балдарга үй-бүлөнүн кирешесине жана башка социалдык-экономикалык шарттарына карабастан берилет. Анын ай сайынкы өлчөмү 1200 сом.