Балдар арасында «Мен кыялданган келечек» аттуу республикалык сынак башталды
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Мен кыялданган келечек» аттуу көркөм чыгарма жана эссе сынагы жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынактын негизги максаты — балдардын кыялы, дүйнө таанымы жана келечекке болгон көз карашын чыгармачылык аркылуу чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүү. Катышуучулар өз ойлорун сүрөт, живопись, графика, аралаш техника же эссе форматында бере алышат.
Көркөм чыгарма сынагы төмөнкү темалар боюнча өткөрүлөт:
— келечектеги шаар;
— илим жана инновация;
— экологиялык таза дүйнө;
— тынчтык жана биримдик.
Сынакка 9–12 жана 13–15 жаштагы өспүрүмдөр катыша алышат. Ар бир курактык топ өзүнчө бааланат.
Көркөм иштерге коюлган талаптар:
— формат — A3 же A2;
— техника — живопись, графика, аралаш техника;
— бир катышуучу бир гана иш тапшырат.
Ошондой эле өзүнчө баракчага катышуучунун аты-жөнү, жашы, иштин аталышы, облусу жана байланыш телефону жазылышы керек.
Эссе сынагына катышуу үчүн иштердин көлөмү 1–3 беттен ашпоосу зарыл. Эсселер кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынат жана сөзсүз түрдө автордук иш болушу талап кылынат.
Көркөм чыгармаларды Бишкек шаарындагы Ж. Абдрахманов көчөсү, 196 дарегинде жайгашкан музейдин искусствону илимий жайылтуу бөлүмүнө тапшырууга болот. Ал эми эсселер knmii@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүлөт.
Иштерди кабыл алуу 2026-жылдын 10-июнуна чейин уланат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 12-июнда өткөрүлөт.
Сынактын башкы өнөктөшү — «Апаке» коомдук фонду. Уюштуруучулар өнөктөштөргө көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти.