Балдар дарыгери Диляра Искакова: «Бала гаджет менен эмес, эшикте ойногону ден соолугуна пайдалуу»
— Диляра Табалдиевна, жакындан тартып өлкөдө 3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул бериле турган болду. Ушуга улай, сиз 3 жашка чейинки балдардын ден соолугу, өзгөчөлүктөрүнө токтолсоңуз?
— Туура, жакында Президент кабыл алган Жарлык өлкөдөгү көп ата-энелерди сүйүндүрдү деп ойлойм. Ар бир бала коргоого, бактылуу чоңоюуга укуктуу. Бул шарттарды албетте, ата-эне камсыздайт, түзөт. Ал эми мамлекет тараптан ар тараптуу колдоолор, ар бир үй-бүлөгө дем берет деп ойлойм. Ал эми балага төрөлгөндөн тарта туура кам көрүү абдан маанилүү. 3 жашка чейинки баланын организминде бул курак өсүү мезгили болуп эсептелет Эне сүтүн эмизүү, эмдөөлөр, кам көрүү, мээрим берүү баланын ден соолугунун негизги шарттары. 3 жашка чыккан баланын сүйлөөгө жөндөмдүүлүгү көбөйө баштайт, эмоциялык, психикалык өнүгүүсү тез түрдө өрчүй турган убак болуп саналат. Бул мезгилде бала 1000, 1500ге чейин сөздөрдү билүү 3 же 4 сүйлөмдөрдү кураштырып, сүйлөп калат. Баарлашууну үйрөнүп, ар түрдүү суроолорду бере баштайт. Айлана-чөйрөнү карап кызыгуусу күчөй турган учур. Өзүм тамак ичем, өзүм, кийинем, өзүм жасайм деген мезгил болот. Бул жашта балдар тепкичтерден өз алдынча чыгып, түшө алат. Сүрөт тартып, пластилинден майда буюмдарды жасай баштайт. Эгер ушул мезгилде бала өз алдынча ойнобосо, атына жооп бербесе, мындай учурда дарыгерге кайрылуу зарыл.
— Негизи эле жалпы эле балдардын ден соолугунда көйгөй болбошу үчүн кантип алдын алуу керек?
— Баланын дени сак болушуна комплекстүү иш алып баруу натыйжалуу. Алгачкы кадамдар бул болочок эненин ден соолугуна кам көрүүдөн башталат. Организмдеги ар түрдүү витаминдердин жетишсиздиги, кан аздуулуктун алдын алуу маанилүү. Анткени, ал келечекте дени сак баланын төрөлүшүнө шарт түзөт.
— Азыр айрым балдар гаджеттерге байланып, анын кесепетинен эшикке, тышка чыгып ойноо чектелгендей… Негизи эле эшикте ойноо баланын ден соолугуна пайдасы көппү?
— Туура суроо бердиңиз. Чынында эле бүгүн айыл, шаарга карабай эле балдардын эшикте ойноосу азайгандай. Адамдардын, балдардын жылдан-жылга физикалык активдүүлүгү азайып баратат. Буга гаджет, телефондорду колдонуу себеп болууда. Кыймылсыз отуруу бул баланын акыл-эсинин өсүүсүнө, сүйлөөсүнө, коомго аралашуусуна зыянын тийгизет. Кыймылы аз бала көп ооруйт, салмагы көбөйөт. Баланын чегинен көбүрөөк салмак кошуусу гормондордун туура эмес иштөөсүнө алып келет. Тышка көп чыккан баланын организми Д витамини менен камсыздалат. Айрыкча, шаарда жашаган балдар арасында Д витамининин жетишсиздиги байкалат. Бул витаминдин жоктугу, сөөктөрдүн кыйшаюусун, дене сөөктөрүнүн өсүүсүн чектейт. Бала бат чарчап, сөөктөр борпоң болуп калат. Ал эми сыртта ойногон баланын иммунитетти бекем болот. Физикалык активдүүлүк баланын бардык системасынын өсүүсүн шарттайт.
— Эмнеге айрым балдар тамакты аз жешет?
— Анын башкы себеби кан аздуулук. Анткени, каны аз баланын тамакка табити начар болуп, тамакты тандап жеп баштайт. Көпчүлүк ата-энелер балдар уйкудан тураары менен таттуу берип коюшат. Бул баланын мээсине туура эмес маалымат берет дагы, баланын тамак жегиси келбей баштайт. Андыктан, мүмкүн болушунча балдарга эртең менен ачкарын таттуу азыктарды бербөө керек. Балага эртең менен жылуу суу, жемиштердин түрүн, ботко даярдап берүү туура болот. Айран, жумуртка да пайдалуу. Ал эми тамакты аз жеген баланы сөзсүз түрдө дарыгерге көрсөтүү зарыл. Көпчүлүк ата-энелердин кетирген катасы – жаш балдарга дүкөндөрдөн даяр тамактарды алып берүүсү. Анткени, алар узак убакытка сакталыш үчүн аларга ар түрдүү кошулмалар кошулат. Андыктан балдарга бар азыктан колго тамак даярдап берүү пайдалуу. Айрыкча, мектепке ачка кеткен балдардын организми алсырайт да эрте куракта эле ашказан, ичеги ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Жаш балдардын, өспүрүмдөрдүн тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу зарыл.
— Балдарга таттууларды кандай өлчөмдө берүү туура болот?
— Таттуулар жөнүндө айтсак, 1 жашка чейинки балдардын тамагына дээрлик туз жана таттуу кошконго болбойт. 1 жаштан 3 жашка чейинкилерге аз-аздан кошсо уруксат. Анткени, организмге глюкоза да маанилүү. Глюкоза мээнин иштешине керектүү зат, себеби бул энергия берет. Ошол себептен таттууну такыр токтотуп коюу да болбойт. Жаш балдарга таттууну көбүрөөк жемиш түрүндө берген жакшы. Таттууну күн алыс аз өлчөмдө берүү туура болот. Бал кошулган азыктар, таттуу токочторду жасап берүү да пайдалуу. Таттууну өлчөмдөн ашыкча берүү баланын денесин катырып, тиштерине зыян алып келет.
— Ал эми уйку баланын дени сак чоңоюусуна башкы өбөлгө болобу?
— Жакшы уйку баланын туура өнүгүүсүнүн негизи болуп эсептелет. Уйку бузулса баланын жүрүм-турумуна, эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бала уктаган маалда баланы өстүрө турган гормон иштелип чыгат дагы бою, дене түзүлүшү нормага шайкеш өсөт. Жаш балада күндүзгү уйку сөзсүз болушу керек. Ошондой эле кечки уйкуга балдар эрте камынышы зарыл.
Мээрим Бактыбек кызы