Балдар үйүндө кариес, бит жана башка көйгөйлөр аныкталды. Акыйкатчы текшерүү жүргүздү

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 122

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жашаган мектеп-интернатка барып, алардын жашоо шартын жана укуктарынын сакталышын текшерди.

Мониторинг учурунда интернатта 88 бала тарбияланып жатканы аныкталды. Алардын 25и томолой жетим, алтоо жарым жетим, 57си ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.

Медициналык кароодон 71 бала өткөрүлүп, алардын дээрлик бардыгынан кариес аныкталган. Айрым балдарда экзема, калкан безине байланыштуу көйгөйлөр бар экени белгиленип, көпчүлүгү офтальмологдун кароосуна муктаж экени аныкталган. Кыздардын көбүндө баш биттери бар экени да айтылды.

Мындан тышкары, интернаттын болжол менен 30 гектар аймагы тосулбаганы аныкталган. Акыйкатчынын маалыматына караганда, акыркы бир жылда алты бала мекемеден качууга аракет кылган.

Ошондой эле алты жетим бала мыйзамда каралган социалдык жөлөкпулдарды албай жатканы, айрым балдарга соттун чечимдери болгонуна карабастан алименттер өндүрүлбөй келгени аныкталды.

Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдардын ден соолугун, коопсуздугун, социалдык жана мүлктүк укуктарын толук камсыз кылууга чакырды. Интернаттын аймагын тосуу, медициналык жардамды күчөтүү жана аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча чара көрүүнү талап кылды.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 122
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X