Балдарды коргоо күнүндө “Родничок” борборуна гуманитардык колдоо көрсөтүлдү
2-июнда балдарды коргоо күнүнө карата Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаевдин тапшырмасы менен агенттиктин кызматкерлери Москва районунун Петровка айылында жайгашкан “Родничок” балдар психоневрологиялык реабилитациялык борборуна барышты.
Иш-чаранын алкагында тарбиялануучуларга майрамдык куттуктоо айтылып, агенттик тарабынан даярдалган белектер тапшырылды. Балдарга таттуулар жана оюнчуктар берилсе, мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында кеңсе буюмдары жана принтер да белек катары берилди.
Борбордун эмгек жамааты көрсөтүлгөн көңүл буруу жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер балдарга камкордук көрүү багытындагы иштер үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, “Родничок” борбору республикалык маанидеги адистештирилген медициналык мекеме болуп саналат. Бул жерде 4 жаштан 14 жашка чейинки балдар борбордук нерв системасынын бузулууларын калыбына келтирүүгө багытталган комплекстүү дарылоо жана реабилитациялык жардам алышат.
Учурда борбордо 30га жакын бала тарбияланууда. 50 орундуу стационар шартында ар бир бала толук медициналык кароодон өтүп, жекече реабилитациялык программа түзүлөт. Дарылоо процессине физиотерапия, массаж, логопед, дефектолог жана психолог кызматтары, ошондой эле атайын педагогикалык сабактар кирет.
Борбордо кызматтар толугу менен акысыз көрсөтүлөт. Бул жерде негизинен социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле балдар үйлөрүнүн, атайын интернаттардын жана жарым жетим балдар дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.