Назгуль Турдубекова,«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» фондунун жетекчиси: «Дүйнө жүзүндө балдар ар кандай формадагы зомбулукка кабылышат»

18-май, 2026-ж. / Редакция / Маек 176

— Назгуль айым, сиз балдар жана аялдардын укугун коргоодо, негизи эле укук коргоо тармагында өтө активдүү иш алып барган адиссиз. Тилекке каршы, өлкөбүздө ар кандай терс мүнөздөгү окуялар катталууда. Эксперттер көйгөй бар деп айтып жүрүшөт. Зомбулуктун түрлөрү пайда болгону айтылып келет. Бул маселеде сиздин жеке пикириңиз кандай? Зомбулук жана укук бузуулардын көбөйүшүнүн себептери эмнеде?

— Чындыгында көрсөткүчтөр тынчсыздандырат. Бирок, мен практик адис, күн сайын жабыркагандар менен иштеген адам катары, кырдаалды мындан да тереңирээк көрөм. Бактыга жараша азыр адамдар тиешелүү органдардан жардам сурап кайрылып, маселе тууралуу ачык айта баштады. Бул жакшы жакка өзгөрүүнүн белгиси. Ошол эле учурда бул маалыматтарды толук картина катары кабыл алууга болбойт. Эксперттик баалоолорго ылайык, зомбулук фактыларынын 10%ы гана укук коргоо органдарында катталат, ал эми 90%ы латенттүү, башкача айтканда жашыруун бойдон калууда. Бул расмий статистика чындыктын болгону үстүңкү бөлүгүн гана көрсөтөт дегенди билдирет. Коркуу, агрессорго көз карандылык, системага ишенбөө, үй-бүлө же коом тарабынан басым, ошондой эле коопсуз жана жеткиликтүү кайрылуу механизмдеринин жоктугу латенттүүлүктүн негизги себептери деп билебиз. ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, мисалы балдар өзгөчө учурларда зомбулук тууралуу билдиришпейт. Анткени өздөрүн коопсуз сезишпейт же кайда кайрылууну билишпейт. Ошондуктан, расмий көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө карабастан, чыныгы абал мындан да олуттуу экенин түшүнүшүбүз керек. Ар бир сан бул бир баланын тагдыры, психологиялык жаракат, кээде талкаланган жашоо. Андыктан, биз эң башкысы – факты катталгандан кийин эмес, анын алдын алуу багытында иш алып баруубуз зарыл.

Зомбулуктун себептери комплекстүү жана терең системалык талдоону талап кылат. Биринчи кезекте көйгөй социалдык-экономикалык басымдан улам болуп жаткандыгын белгилегим келет. Жакырчылык, жумушсуздук, миграция, үй-бүлө ичиндеги туруктуу стресс – зомбулуктун негизги башаты. Мындай шарттарда чыңалуу күчөйт. Азыр конфликттерди зомбулуксуз чечүү көндүмдөрү жетишсиз болууда. Анан да укуктук маданияттын төмөн деңгээли маселе жаратып келет. Көпчүлүк чоңдор өздөрү зомбулукту норма катары кабыл алынган чөйрөдө чоңоюшкан жана тилекке каршы, ошол эле моделди улантышууда. ЮНИСЕФ уюмунун маалыматтарына ылайык, дүйнө жүзүндө балдардын олуттуу бөлүгү ар кандай формадагы зомбулукка кабылышат жана бул көбүнчө баланын коопсуздугу камсыз болушу керек болгон чөйрөлөрдө, башкача айтканда үй-бүлөдө жана мектепте орун алат. Бул зомбулук жеке көрүнүш эмес, муундан муунга өтүп жаткан туруктуу социалдык модель экендигинин далили. Андан сырткары жазасыздык маселени курчутат. Эгерде адам өз аракеттери үчүн жоопкерчилик болбой турганын сезсе, анда агрессия күчөйт, зомбулукка баруу оңойлойт.

Өзгөчө баса белгилей кетүүчү жагдай балдар арасындагы буллинг, агрессия, кысым–бул чоңдордун жүрүм-турумунун түз чагылдырылышы болуп эсептелет. Балдар агрессивдүү болуп төрөлбөйт. Алар үй-бүлөдө, мектепте, коомдо көргөн моделдерди кайталашат. Эгер бала басмырлоо, коркутуу же көңүл бурбоо чөйрөсүндө чоңойсо, ал ошол эле мамилени теңтуштарына карата колдонушу мүмкүн.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө балдарды коргоо системасында жана мектеп чөйрөсүндө зомбулуктун алдын алуу боюнча так, системдүү жана милдеттүү механизмдер жетишсиз. Көп учурда аракеттер факт катталгандан кийин гана башталат.

Эл аралык тажрыйбада өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген негизги ыкмалар бар. Алар мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер аркылуу зомбулукту эрте алдын алуу жана аныктоо. Ата-энелерди жана мугалимдерди окутуу. Мектептерде социалдык-эмоционалдык өнүгүү программаларын киргизүү болуп саналат. Биз эмоцияларды башкаруу, конфликттерди чечүү көндүмдөрүн балдарга үйрөтүшүбүз зарыл. Мектеп, социалдык кызматтар, укук коргоо органдары жана медицина биргелешип иш алып баруусу заман талабы. Балдар жана аялдар коркпой кайрыла турган коопсуз мейкиндиктерди түзүү, мамлекеттик саясатта жана коомдук аң-сезимде зомбулукка чыдап, баш ийбөө принцибин киргизүү керек.

 — Эл аралык тажрыйба тууралуу айтып калдыңыз. Негизи эле дүйнөдөгү абал кандай?

— Мен эл аралык тажрыйбаны тыкыр изилдеп, өнөктөштөр менен иш алып барам. Зомбулук — бул дүйнөлүк масштабдагы көйгөй. Бирок, бул багытта олуттуу жыйынтыкка жетишкен өлкөлөр бар. Аларды бириктирген негизги фактор — зомбулукка чыдап тура бербөө жана күчтүү коргоо системалары болгон. Биз да ушул жолдо баратабыз.

— Биз зомбулукка эркектерди көп айыптайбыз. Бир жактуу маалыматтар да көп. Бул коомду аял жана эркек тарап кылып бөлүп жиберүү коркунучун жаратпайбы?

— Укук коргоочу катары мен бөлүнүүнү күчөткөн жагдайларды принципиалдуу түрдө колдобойм. Зомбулук — бул «эркектер аялдарга каршы» деген маселе эмес. Бул — жоопкерчилик жана тандоо. Менин практикамда аялдарды жана балдарды коргогон, өздөрүн өзгөрткөн, башкаларга жардам берген эркектер көп. Дал ушундай позитивдүү мисалдарды көбөйтүү абдан маанилүү. Бизге каршы коюу эмес, өнөктөштүккө негизделген коомду куруу зарыл болуп турат.

— Сизге маселесин айтып көбүнчө кимдер кайрылышат?

— Жыл сайын биздин «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» Фондуна ишеним телефону аркылуу 6000ден ашык кайрылуу түшөт. Бул кайрылуулардын ар бири жардамга муктаж балдар жана ата-энелерден келет. Жергиликтүү деңгээлде коргоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында, биздин уюм зомбулукка кабылган балдар үчүн 7 жардам борборун түздү. Бул борборлордо балдарга акысыз укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлөт. Бирок, бул жетишсиз. Өлкө боюнча кеминде 40 борбор керек. Ошондо гана биз зомбулуктун алдын алууну системалуу деңгээлде камсыздай алабыз. Менин практикамда жылдар бою зомбулукка кабылган бала тууралуу окуя бар. Тилекке каршы, система аны убагында байкаган эмес. Натыйжада баланын ден соолугу олуттуу жабыркаган. Кыргызстанда жыл сайын 100дөн ашык бала өз жанын кыюуга барган учурлар катталат, алардын олуттуу бөлүгү зомбулуктун курмандыктары болушу мүмкүн. Ошондой эле жыл сайын укук коргоо органдары балдарга карата 400дөн ашык сексуалдык зомбулук фактыларын каттайт. Бирок, алардын көпчүлүгү өз убагында кесипкөй жардам ала албай калат. Бул — сигналдарды этибарга албай коюунун трагедиялуу кесепети.

— Негизи эле азыркы муун, балдар башкача көз карашта. Биз балдарга кандай мамиле жасашыбыз керек?

— Бала бул төрөлгөндөн эле укуктары бар жеке инсан, ал эми ал зомбулук аркылуу тарбиялануучу объект эмес. Балдардын психикалык жана физикалык ден соолугу өтө назик. Ал чоңдор тарабынан жасалган зомбулукка туруштук бере албайт жана терең из калтырат. Биз көзөмөл жана коркуу ыкмасынан баш тартып, урматтоого, колдоого жана диалогго өтүшүбүз керек. Эгер биз эртең коопсуз коом курууну кааласак, бүгүн балдарга болгон мамилебизди өзгөртүшүбүз зарыл. Бул замандын талабы. Коом, заман өзгөргөн сайын көз караштар, түшүнүктөр өзгөрө берет эмеспи. Биз, билимдүү коом мындайда туура жолду табууга ыкташыбыз маанилүү.

— Коомду эмне, кандай факторлор өзгөртөт деп ойлойсуз?

— Өзгөрүү «мен кайдыгер өтпөйм» деген позициядан башталат. Жалпылап келгенде бул жетишсиз. Бизге системдүү чечимдер, күчтүү институттар жана лидерлик керек. Күчтөрдү бириктирүү, агартуу иштери жана натыйжалуу коргоо механизмдерин түзүү аркылуу гана кырдаалды өзгөртө алабыз. Албетте мунун баары тез болуп кетчү процесс эмес. Бүгүн зомбулук — бул айрым үй-бүлөлөрдүн жеке окуясы гана катары кабылданат. Бул бүтүндөй коомдун жана биздин баалуулуктар системабыздын абалын көрсөтүп турган индикатор. Зомбулук акталышы, жашырылышы анын муундан-муунга кайра кайталанып келе беришине алып келет. Зомбулук кайсы бир үй-бүлөнүн ички иши эле эмес коомдун жоопкерчилиги деп каралышы абзел. Балдар корголбогон жерде келечек корголбойт. Эгер биз башкача коомду кааласак ага реакция жасоодон эмес, алдын алуудан башташыбыз керек. Жаман адаттарды актоону токтотолу. Азыр мамлекеттик деңгээлде жылыштар бар. Болгону жооптуу институттар биргелешип иш алып барышса, сөзсүз абал жакшырат деген ойдомун.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X