Балык чарбасы өнүгүп жатат
Үстүбүздөгү жылдын 28–29-март күндөрү балык уулоо спорту боюнча турнир болуп өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышкандыгын Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Төраганын айтымында, Кыргызстанда балык чарбасы өнүгүп, ички муктаждык толук камсыздалып жатат жана өлкөдө балык уулоо үчүн суу объектилери ылайыкташтырылууда. Балык чарба департаменти балыкчылар менен тыгыз иш алып барып, “Агро-смарт” аркылуу электрондук билет системасы иштеп жатат. Ошондой эле кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерге катыша баштаганын айткан Адылбек Касымалиев апрель айында Италияда өтө турган XV дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курама командасы даярданып жатканын билдирди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы балык уулоо адамды сабырдуулукка тарбиялай турган спорт экенин айтып, бул багытты өнүктүрүү маанилүү экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бул спорттун федерациясы 10 жыл мурун түзүлгөн.