«Балык» тасмасы улуттук конкурстун башкы сыйлыгын алды

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин XIII Эл аралык «Үмүт» кинофоруму жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форумдун алкагында 38 тасма көрсөтүлүп, мастер-класстар жана кинодолбоорлордун питчинги уюштурулду.

Жабылуу аземинде эл аралык конкурстун «Эң мыкты фильм» сыйлыгы армениялык режиссёр Лия Карапетяндын «Чайки над Голгофой» тасмасына ыйгарылды. Ал эми «Эң мыкты режиссёр» наамы азербайжандык Нурлан Хасанлинин «Ранние чувства» фильми үчүн берилди.

Улуттук конкурста башкы сыйлык Төлөмүш Жаныбековдун «Балык» тасмасына ыйгарылып, «Эң мыкты режиссёр» наамын Данияр Абиров («Обончу») алды.

Мындан тышкары, кинодолбоорлордун питчинги жыйынтыгында «Ты и Я» долбоору «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосуна ээ болду. Ошондой эле «Соучастник», «Ультразвук» жана «Жест» долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүлдү.

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X