Балыкчы – Бишкек каттамындагы поездге таш ыргытышты
27-июлда саат 22:54 чамасында Новопокровка айылынан чыгып бара жаткан №609 шаар четиндеги жүргүнчү поездге белгисиз адамдар таш ыргытышкан.
Кооптуу аракеттин кесепетинен бир нече вагондун терезелери жабыркап, таштардын бири вагондун ичине кирген. Бактыга жараша, жүргүнчүлөр жана поезд кызматкерлери жабыркаган эмес.
«Кыргыз темир жолу» УК» МИси келтирилген чыгымды жоюп, бузулган терезелерди тез арада алмаштырды. Окуя боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Компания поездге таш ыргытуу адам өмүрүнө коркунуч жараткан мыйзамсыз аракет экенин эскертип, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартыларын билдирди.