Балыкчыда балдарга карата кылмыштар азайганы менен, үй-бүлөлүк зомбулук эки эседен ашык көбөйдү

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94

Балыкчы шаарында 2026-жылдын алгачкы тогуз айында жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштар жана балдарга каршы кылмыштар азайган. Бирок ушул эле мезгилде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары эки эседен ашык көбөйүп, балдардын коопсуздугуна байланышкан маселелер кайрадан көңүл борборуна чыкты.

Балыкчы шаарынын прокуратурасы балдардын укуктарын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү. Анда жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жана мектептердеги буллингдин алдын алуу маселелери талкууланды.

Кеңешмеге жергиликтүү мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында жооптуу мекемелерге балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, 2026-жылдын тогуз айында жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны 30дан 25ке, ал эми балдарга карата жасалган кылмыштар 102ден 64кө азайган. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 60тан 126га чейин өскөн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X