Балыкчыда “Гран При Ысык-Көл 2026” эл аралык веложарышы өттү

13-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

11–12-апрель күндөрү Балыкчы шаарында “Гран При Ысык-Көл 2026” аталышындагы эл аралык веложарыш өттү.

Мелдештин алкагында жеке убакытка жарыш жана топтук шосселик жарыш уюштурулуп, катышуучулар 100 чакырым аралыкты багындырышты.

Иш-чарага Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан мамлекеттеринен келген 200 спортчу катышып, курч атаандаштык орун алды.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, байге ээлерине сыйлыктар тапшырылды.

Жаштар арасында:
1-орун – Шахрух Маткаримов (03:00:09.52)
2-орун – Кирилл Шафронов (03:02:13.48)
3-орун – Мухаммад Бахтияров (03:03:35.0)

Кыз-келиндер арасында:
1-орун – Гулхаё Сатторова (03:14:29.02)
2-орун – Татьяна Панина (03:14:03.22)
3-орун – Дарья Кичигина (03:15:37.0)

Эркектер арасында:
1-орун – Камронбек Юлдашев (03:00:02.71)
2-орун – Артем Шапилов (03:00:56.80)
3-орун – Сардор Мухторов (03:01:44.65)

13-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X