Балыкчыда күн электр станциясын куруу сунушталды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте “Кыргыз жашыл инфраструктура фонду” коомдук фондунун жана Sino American Global Fund компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда кайра жаралуучу энергия жана агроөнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Анын ичинде Балыкчы шаарында күн электр станциясын куруу жана 50 гектар аянтка заманбап күнөскана-фабрика ачуу демилгеси каралды.
Тараптар мамлекеттик колдоо, инвестициялык шарттар жана алдыдагы кадамдар боюнча пикир алышты. Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестиция тартуу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.