Балыкчыда жаныбарлардын алгачкы крематорийи ачылды

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55

Балыкчы шаарында эпизоотиялык бейпилдикти жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында биологиялык калдыктар үчүн Беккари чуңкуру жана крематорий курулуп бүткөрүлдү. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясы кабарлады.

Объект таштанды таштоочу жайдын аймагында жайгашкан жана ал республикада биологиялык калдыктарды жок кылууга багытталган алгачкы толук кандуу жай болуп эсептелет.

Крематорий үчүн Кытайдан жогорку технологиялуу атайын меш алынып келинип, долбоорго керектүү каражат Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн. Беккари чуңкурунун тереңдиги 10 метрди түзүп, ички бөлүгү 40 сантиметр калыңдыктагы бетон менен бекемделген. Аймак толугу менен тосулуп, көзөмөл жүргүзүү үчүн атайын лаборатория да курулган.

Долбоор Балыкчы шаарынын мэриясы жана “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасынын кызматташтыгы менен ишке ашырылды. Жаңы объект экологиялык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга шарт түзөт.

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X