«Баңгизат трафигине» каршы рейд. 3 миңден ашык автоунаа текшерилип, 45 мас айдоочу аныкталды

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

Бишкек, 19-август. Кыргызстандын аймагында 14–17-август күндөрү Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан «Баңги трафик» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө негизги көңүл баңгизат колдонгон абалда автоунаа башкарган айдоочуларды аныктоого, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу жана жүгүртүү фактыларына бөгөт коюуга бурулду.

Жыйынтыгында кызматкерлер тарабынан 1 баңги кылмышы жана 4 укук бузуу фактысы аныкталды.

Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында масштабдуу текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Жалпысынан 3167 автоунаа текшерилип, 1081 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Алардын ичинен:

  • 7 айдоочу баңгизаттык мас абалында транспорт башкарган;
  • 38 айдоочу алкоголдук мас абалында рулга отурган.

Ошентип, рейддин жүрүшүндө жалпы 45 мас абалындагы айдоочу аныкталды.

Аталган фактылардын бардыгы боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлдү.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу, алардын таралышын алдын алуу жана жол кыймылы менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы ыкчам-алдын алуу иш-чараларын мындан ары да улантат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X