Баңгизаттан киберкылмышка чейин. Кыргызстан менен Түркия күчтөрүн бириктирет
Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиядагы иш сапарынын алкагында Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушту.
Тараптар эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматташтыгын кеңейтүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, киберкылмыштуулукка жана экстремизмге каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө басым жасалды.
Ошондой эле ыкчам маалымат алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана заманбап технологияларды колдонуу маселелери каралды.
Мындан тышкары, Түркия жана Кыргызстанда жүргөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана миграция маселелери боюнча ыкчам байланышты күчөтүү тууралуу сөз болду.
Тараптар ички иштер органдарынын ортосундагы түз жана ыкчам кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.