Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 111

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды.

Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.  Возможно, это изображение один или несколько человек
Анын жыйынтыгында кылмыш ишине шектүү катары Ысык-Көл облусунун тургуну 1976-жылы туулган Х.А. аныкталып, кармалган.
Анын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасына жана жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 60 даана таңгакталган жалпы салмагы 970 граммды түзгөн баңгизат табылып алынган. Табылып алынган баңгизаттар боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды.  Нет описания фото.
Шектүү жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 111
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X