Бардык туристтик жайлар бирдиктүү реестрге киргизилет
Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов ММКлардын бирине курган маегинде билдирди. Анын айтымында реестрден Кыргызстандагы мейманкана, альплагер, хостел, туристтик эс алуу жайларынын байланыш номерлерин, шарттарын, бааларын, видео, сүрөт галереясын табууга мүмкүнчүлүк ачылат. Ал үчүн tourism.gov.kg веб-сайтына кирүү жетиштүү. Туристтик аймактардын бирдиктүү реестри саякатчыларга да, кызмат көрсөткөндөргө да коопсуздукту камсыздайт. Тагыраак айтканда, аралыктан брондоп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эс алуучу жай тууралуу кенен маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жаралат.