Барпы театры Өзбекстанда «Он экинчи күн» спектаклин тартуулайт

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 88

Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры 29-сентябрда Өзбекстандын Ханабад шаарына чыгармачылык сапар менен барат.

Сапардын алкагында кыргыз-өзбек маданий байланыштарын чыңдоо жана театрлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстандын эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин «Он экинчи күн» спектакли көрсөтүлөт.

Спектаклди Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Жумалиев сахналаштырган. Сүрөтчүсү — Чинара Чотурова. Башкы ролдорду Бакыт Мойдунов, Гулипар Гаипова, Руслан Исмаилов, Уулкан Галдыбай кызы жана Шахрезада Шактыбекова аткарышат.

Чыгармачылык сапар эки өлкөнүн театр өнөрүндөгү кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X