Башкы прокуратура АКШ менен интеллектуалдык менчикти коргоо багытында кызматташууну күчөтөт

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 193

2026-жылдын 17-июлунда Кыргызстандын Башкы прокуратурасында АКШнын Соода министрлигинин Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасынын (CLDP) өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Тараптар санариптик чөйрөдө интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү күчөтүү, ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.Возможно, это изображение Овальный кабинет, отдел новостей и текст

Ошондой эле ишкерлердин укуктарын коргоо, техникалык жардам көрсөтүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташтыкка басым жасалды.

Жыйынтыгында эки тарап практикалык кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X