Башкы прокуратура: Гемодиализдеги коррупциядан мамлекетке 226,9 млн сом зыян келтирилгени аныкталды
Башкы прокуратура бюджеттик программанын алкагында көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтарын текшерүүдө ири мыйзам бузууларды аныктады. Иликтөөнүн жүрүшүндө медициналык документтерге жана «Гемодиализ» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна атайылап жалган маалыматтар киргизилгени белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагынан тышкары жүргөн, атүгүл каза болгон бейтаптарга гемодиализ жасалгандай көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан бир эле учурда бир аппаратта бир нече гемодиализ сеансы катталган. Ошондой эле айрым жеке менчик медициналык мекемелер лицензияда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүгүнөн ашык кызмат көрсөткөнү аныкталган.
Башкы прокуратуранын эсебинде, бул мыйзам бузуулардын кесепетинен мамлекетке 226 миллион 967 миң сом зыян келтирилген.
Аталган фактылар боюнча жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») жана 348-беренеси («Шалаакылык») боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.