Башкы прокуратура тергөөчүлөрдү окутуунун жаңы форматын ишке киргизди
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунда иштөө боюнча практикалык окутуунун жаңы форматын ишке киргизди.
Анын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана аймактык ички иштер органдарынын жаңы дайындалган жана иштеп жаткан тергөөчүлөрү реалдуу шартка жакын түзүлгөн тесттик чөйрөдө «Электрондук кылмыш ишин» жүргүзүүнүн практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүштү.
Окутуунун жыйынтыгында кызматкерлерди даярдоонун бирдиктүү методикасы жана алардын кесиптик компетенцияларын баалоочу чек-баракча иштелип чыгып, ал мындан ары өлкөнүн бардык укук коргоо органдарында колдонулат.