Башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулукка каршы чараларды күчөтөт

6-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу чаралары күчөтүлөт. Бул маселелер Башкы прокуратурада өткөн ведомстволор аралык жыйында талкууланды.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты С.А. Аманова, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Талкууда үй-бүлөлүк зомбулукту эрте аныктоо, жабырлануучуларды коргоо жана зомбулуктун кайталанышына бөгөт коюу маселелери каралды.

Ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептери, мектептердин жана ата-энелердин жоопкерчилиги, мамлекеттик органдардын профилактикалык иштери талкууланды. Бул багытта санариптик технологияларды колдонууга да көңүл бурулду.

Жыйындын соңунда мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга алдын алуу иштерин күчөтүү, балдардын жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча 15тен ашык сунуш берилди.

Катышуучулар кийинки жыйында бул сунуштардын аткарылышын карап чыгууну макулдашты.

6-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X