Башкы прокуратурада ишкерлердин, инвесторлордун укуктарын коргоо маселеси талкууланды

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 152

2026-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары З. Акназаровдун төрагалыгы алдында уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары М. Алиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Э. Сурабалдиева жана Г. Баатырова, ошондой эле мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Возможно, это изображение текст

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо, өлкөдөгү инвестициялык жана ишкердик климатты жакшыртуу, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана мыйзамсыз текшерүүлөрдүн алдын алуу маселелери кеңири талкууланды. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар каралды.Возможно, это изображение осветительное оборудование, стол и текст

Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин ишкердик субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторий тууралуу жарлыктарынын талаптарын так аткаруу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле мораторий күчүндө турган мезгилде ишкерлерге консультациялык жардам көрсөтүү, сунуштарды берүү жана мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү иштерин күчөтүү маанилүү экени баса белгиленди.

Консультативдик кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы кийинки жыйындарда каралып, тиешелүү көзөмөл жүргүзүлөрү маалымдалды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X