Башкы прокуратурада курулуш тармагындагы ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси каралды

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163

Башкы прокуратурада курулуш тармагында иш алып барган ишкерлердин укуктарын коргоо жана мамлекеттик органдардын бизнеске негизсиз кийлигишүүсүнө жол бербөө маселелери талкууланды.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин убактылуу аткаруучу Марат Бектурганов курулуш тармагындагы ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда жер тилкелерин берүү, уруксат берүүчү документтерди даярдоо, курулуш долбоорлорун экспертизадан өткөрүү жана мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүдө мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле административдик жол-жоболордун белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышына, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көңүл бурулду. Мындан тышкары, ишкерлерге карата текшерүүлөргө киргизилген мораторийдин талаптарын сактоо маселеси каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Башкы прокуратуранын тиешелүү бөлүмдөрүнө ишкерлер тарабынан айтылган жүйөлөрдү текшерүү, мамлекеттик органдардын аракеттерине укуктук баа берүү жана мыйзам бузуу аныкталса прокурордук чараларды көрүү тапшырылды.

Маалыматта белгиленгендей, мыйзамдарды жана административдик жол-жоболорду жакшыртууну талап кылган системалуу маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте каралат. Тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X