Башкы прокурор уу коргошун боюнча: “Сөзсүз түрдө укуктук баа берилет!”
Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн парламентте отчет берип жаткан убакта эл өкүлү Эмил Токтошев «Далилденбеген дарыны бейтаптарга берип жатканы үчүн саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголобу?» деп суроо узатты.
» Бизге бир адамдан онлайн-арыз түшкөн, аны ИИМге жибердик. Бул министрликти текшерүү, сурамжылоо иштерин баштадык. ИИМда тиешелүү жыйынтык чыгарат. Биз кылмыш ишин козгоо үчүн кайрылууну эле эмес, кесепетин да карашыбыз керек. Эгер зыяны жок болуп пайда алып келип атса, өзүнчө баа берүү зарыл. Биздеги маалымат боюнча, 400 жаран өзүнүн макулдугу менен колдонуптур. Эч кимде оорунун белгилери же уулануу катталган эмес. Бул боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Кесепетине карап сөзсүз түрдө укуктук баа берилет», — деди Зулушев эл өкүлүнө.