Башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов: “ТЕРГӨӨ КОМИТЕТИН ТҮЗҮҮ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ”
Бүтүндөй өмүрүн Кыргызстандагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөө жаатына арнаган маектешим өлкөбүздөгү өз ишинин анык чебери экендигин анын атаандаштары да тана албайт. Юстициянын полковнигине учурдагы актуалдуу болуп жаткан маселе боюнча эки ооз суроо менен кайрылдым. Каарманым да биздин соболдорго ташка тамга баскандай ынанымдуу жоопторун узатты.
— Кылычбек мырза, айбаты катуу атайын кызмат прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн ээлеген даражасына ылайык келген атайын класстык чиндердин системасын сактап (мисалы, 3-класстагы юстиция кеңешчиси), ошол эле учурда аскерлештирилген атайын наамдарды ыйгарууну жоюу боюнча мыйзам долбоорун демилгелөөдө. Чекисттердин мындай аракети канчалык деңгээлде негиздүү деп ойлойсуз? Дегеле алардын мындай идеясын мыйзамга сыярлык дешке болобу?
— Жөнөкөй тил менен айтканда прокуратурадан погондорду алып салуу туура эмес натыйжаларга алып келээрин төмөндөгү 2 жагдай менен түшүндүрүп, чечмелеп берейин:
- Мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине бөлүштүрүлүшүнүн Конституциялык принциби бар. Ал эми мамлекеттин Президенти Конституциянын гаранты катары бул бийликтердин ортосундагы карама-каршылыктардын жана туруктуулуктун принцибин сактап турат. Прокуратура органдары бул 3 бийликтин бирөөнө да кирбей, Президентке гана түздөн-түз баш ийген орган катары ушул карама-каршылыктардын жана туруктуулуктун системасын жүзөгө ашырууну аткаруучу ролду ойнойт. Андыктан, бул бутактарда көптөгөн аскер жана аскерлештирилген органдарды эске алуу менен погондор сакталып калышы зарыл.
- Аткаруу бийлик органдарында ИИМ, УКМК, ЖАМК, Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы жана башка аскерлештирилген органдар бар. Аларга көзөмөл жүргүзүүдө тең салмактуулук системасы болушу абзел. Жөнөкөй постто турган солдат наамы жок прокурорду ыкчам текшерүү объектилерине киргизбей коюшу турган иш. Андыктан бул маселеге өтө кылдат мамиле жасалуусу керек.
— Учурда күч органдарын заман талабына шайкеш кылып реформалоо керектигин, айрыкча, атайын тергөө комитетин түзүү боюнча адистер менен жарандык коомдун өкүлдөрү кулак-кагыш кылышууда. Тергөө комитетин түзүү боюнча атайын сунуштар канчалык деңгээлде ынанымдуу деп ойлойсуз? Кайталанма кызматтардын бизге кереги бар беле?
— Тергөө комитетин түзүү абдан туура сунуш. Албетте, бул менин жеке оюм. Аныгында дал ушул маселе көптөгөн жылдардан бери чечилбей келе жатат. Коомдогу негизги байлык – бул адамдын өмүрү менен анын ден соолугу жана мыйзам тарабынан корголуучу укуктары. Конституцияда да эң оболу адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктери бекитилген. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин тергөө кызматы менен оперативдик иликтөө органдары бир органдын алдында (ИИМ, УКМК) ишмердик жүргүзүп келет. Оперативдик кызматтын түздөн-түз милдети кандай гана болбосун – кылмыштын бетин ачуу. Ошол себептен кызматкерлер ар кандай мыйзамсыз жолдор менен болсо да кылмыштын бетин ачууга кызыкдар болуп, материалдарды топтоп, тергөөгө өткөрүп берет. Ошол эле жетекчиликтен кадрдык жактан көз каранды болгон тергөөчү аргасыздан оперативдик кызматкер топтогон материалдарды бекемдөөгө аракет кылат. А эгерде тергөөчү көз карандысыз болсо, кылмыш ишти адилеттүү, ар тараптуу жана толук тергөөгө кызыкдар болот. Андыктан, тергөө комитетин түзүү – учурдун бирден-бир талабы болуп эсептелет.
Калыгул Бейшекеев