Баткен: Ишкерлер жана жарандар үчүн киреше салыгынын ставкасы кыскартылды

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 48

Мамлекеттик салык кызматы Баткен облусунда  бир катар ишкерлер жана жарандар үчүн киреше салыгынын ставкасын эки эсеге, тактап айтканда 10 %дан 5 %га чейин кыскартып,  салыктык жеңилдиктерди берди.  Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Салык кодекси боюнча салыктык жеңилдиктер 2 багытта берилет. Ага өзгөчө жеңилдетилген салык режими бар айрым чек ара жанындагы калктуу конуштар жана Баткен облусунун бардык аймактары кирет.

Биринчи багытка ылайык, айрым жеңилдиктер берилген калктуу конуштарынын тизмесине киргизилген Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун 62 айылында катталган жана иш жүргүзгөн субъекттерге салыктар боюнча төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленген:

– салык төлөөчүлөрдүн жалданган кызматкерлери үчүн киреше салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө аныкталган;

– пайдага салыгын, сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулган;

– жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.

2-багытка ылайык, салыктардын бул түрлөрү боюнча жеңилдиктер Баткен облусунун салык органдарында катталган жана өнөр жай ишинин жеңилдиктер берилген түрлөрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөргө инвестициялык макулдашууну түзүүнү талап кылбастан берилет. Буга Баткен облусунан тышкары жайгашкан обочолонгон бөлүктөрү кирбейт.

Өнөр жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

Инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;

Жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;

Электр жарыгы;

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;

Жыйноо өндүрүшү;

Экспортко багытталган өндүрүш кирет.

28-30-апрель күндөрү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында орун алган  окуялардын кесепетинен жабыр тарткан субъекттердин 2021-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктык карыздары эсептен чыгарылат. Алар Баткен облусунун чек ара жанындагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген жабыркагандардын тизмесине киргизилгендер.

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X