Баткен делегациясы Фергана тынчтык форумуна катышууда
Баткен облусунун делегациясы Тажикстандын Худжанд шаарында өтүп жаткан Экинчи Фергана тынчтык форумуна катышууда.
28–29-сентябрга белгиленген форумда Фергана өрөөнүндөгү аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү, тынчтыкты жана өз ара ишенимди бекемдөө маселелери талкууланууда.
Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов баштаган делегация соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алмашууда.
Рахимов форумда сөз сүйлөп, тажик тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, мындай иш-чаралар коңшулук мамилелерди бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга шарт түзөт.
Форумга Баткенден мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жетекчилер, медиа жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.
Иш-чара Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймактарынын ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө багытталган.