Баткен-Мекендин жүрөгү
30-апрелде Ош шаарынын мэриясы тарабынан Баткенге 500 миң сом бөлүнүп, жеке ишкерлерден чогулган 2 млн сомдук азык-түлүк Баткен облусуна жөнөтүлдү. Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов
“Ош шаарынын мэриясы резервдик фонддон 400 миң, ошондой эле, кызматкерлер бир күндүк айлык акыбызды бөлүп бердик. Жалпысынан мэриядан 500 миң сом акча каражаты каралды. Мындан тышкары, менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканалардан, жеке ишкерлерден, курулуш компанияларынан жардам чогултулуп, 2 млн сомдук азык-түлүк жөнөтүлдү. Жардам чектелүү болбойт. Жалпы кыргызстандыктарды сабырдуулукка жана ынтымакка чакырам. Провакацияга алдырбайлы, чек ара маселеси дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу чечилишине тилектешмин”- деген оюн билдирди.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясында Баткен элине колдоо көрсөтүү максатында атайын эсеп ачылып, комиссиялык топ түзүлгөн. Ош шаарындагы активдүү жаштардан, тургундардан, коомдук фонддордон турган штабдар ачылып, азык-түлүктөр, акчалай жардамдар чогултулуп жатат.
too.kg/?attachment_id=8043″ class=»wp-image-8043″/>
too.kg/?attachment_id=8044″ class=»wp-image-8044″/>
too.kg/?attachment_id=8046″ class=»wp-image-8046″/>
too.kg/?attachment_id=8047″ class=»wp-image-8047″/>
too.kg/?attachment_id=8048″ class=»wp-image-8048″/>
too.kg/?attachment_id=8049″ class=»wp-image-8049″/>
too.kg/?attachment_id=8050″ class=»wp-image-8050″/>
Р.Исмаилова