Баткен менен Фергана кызматташтыкты кеңейтет

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 246

Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен Шахимардан аймагында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар Баткен менен Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жетишкен макулдашуулардын негизинде эки облуунун кызматташтыгы боюнча комплекстүү «Жол картасын» жаңылоо жана ага жаңы багыттарды киргизүү тууралуу макулдашууга жетишилди.Нет описания фото.

Өзгөчө көңүл туризм тармагына бурулуп, Өзбекстандын Шахимардан жана Кыргызстандын Дугаба эс алуу аймактарын эркин туристтик аймак катары өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле чек арадагы өткөрүү пункттарында жарандардын өтүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тиешелүү макулдашуулар кабыл алынды.

Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана импорттоо үчүн муздаткыч логистикалык борборлорду куруу, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана башка биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында алмашылуучу айылдардын жашоочуларынын жарандыгын аныктоо, көчүрүү, мүлктүк жана чарбалык маселелерди чечүү боюнча эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу комиссиясынын ишине көмөктөшүү боюнча да пикир алышты.

Жолугушууга күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле чек аралаш район жана шаарлардын жетекчилери катышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X