Баткен облусунда бир күндө 12 социалдык объект ачылды

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 96

Баткен облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата 12 социалдык объект пайдаланууга берилди.

Алардын арасында мектептер, бала бакчалар, спорттук бассейн, муниципалдык автобекет жана медициналык мекемелер бар.

Тактап айтканда, Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 орундуу мектеп, Самаркандек айылында «Бала Нур» бала бакчасынын кошумча имараты ачылды.

Кадамжай районунда «Ыйман» бала бакчасы, Кадамжай шаарында жыл бою иштей турган жабык бассейн жана Айырбаз айылында 500 орундуу мектеп пайдаланууга берилди.

Лейлек районунда «Ак-Шоола» мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана Ак-Арык айылындагы 120 орундуу «Бүчүр» бала бакчасы ачылды.

Мындан тышкары, Баткен шаарындагы 225 орундуу мектеп жана муниципалдык автобекет, Кызыл-Кыядагы медициналык мекемелердин имараттары, Сүлүктүдөгү «Белес Резорт» эс алуу комплекси ишке берилди.

Объектилер өлкө боюнча Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата ачылып жаткан 105 социалдык жайдын катарына кирет.

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 96
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X