Баткен облусундагы Президенттин өкүлү алмашты
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан Айбек Шаменов бошотулуп, анын ордуна Мамыржан Рахимов дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, Мамыржан Рахимов буга чейин Президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү болуп иштеп келген.