Баткен облусунун прокуратурасында Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107

Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө аймакта орун алып жаткан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланып, жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарын так сактоо, кызмат адамдары тарабынан жол берилген коррупциялык укук бузууларды өз убагында аныктоо жана аларга мыйзам чегинде чара көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле облус аймагында түзүлгөн комиссиялардын ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүүлөргө жол бербөө жана мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жарлыгынын талаптарынын аткарылышына арналган ведомстволор аралык ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө экономикалык контрабанданын мамлекетке тийгизген терс таасири, киберкылмыштуулуктун өсүү тенденциялары жана алардын келип чыгуу себептери кеңири талкууланды. Катышуучулар тарабынан бул багыттагы профилактикалык иштерди күчөтүү, заманбап технологияларды натыйжалуу колдонуу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү милдеттер белгиленди.

Жыйындардын жыйынтыгында мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын бекемдөө, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү тапшырылды.

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X