Баткен районунда дагы бир үй тибиндеги бала бакча ачылды

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылында үй тибиндеги жаңы бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Өкмөттүк акселератор программасынын алкагында ишке ашырылып, айыл жергесиндеги балдарды сапаттуу тарбия жана билим берүү менен камсыз кылууга багытталган.

Жаңы ачылган бала бакча менен Баткен районундагы үй тибиндеги мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны 13кө жетти. Буга чейин райондо 12 үй тибиндеги бала бакча иштеп келген.

Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты секторунун өкүлү Зулфия Калыгулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Маканов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор бала бакчанын шарттары менен таанышып, мекеме балдардын билим алуусу жана тарбияланышы үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалганын белгилешти.

Үй тибиндеги бала бакчалардын ачылышы айыл жерлеринде мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, ата-энелерге кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X