Баткен районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 183

Кечээ жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Баткен районунун аймагында катуу сел жүрүп, бир катар аймактарда материалдык чыгымдар катталды. Кырдаалга байланыштуу Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Бүгүн эртең менен Баткен районунун акими жана анын биринчи орун басары жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү.

Жыйында тиешелүү мекеме-ишканаларга селдин кесепеттерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу, бузулган инфраструктураларды калыбына келтирүү жана жер-жерлерде ыкчам иштерди уюштуруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Учурда район аймагында тиешелүү кызматтар атайын техникаларды тартуу менен тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Кырдаал жеринде көзөмөлгө алынып, анын кесепеттерин жоюу боюнча иштер улантылууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X