Баткен шаарында окуучулар үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

29-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу багытында Баткен шаарында спорттук оюн-зоок иш-чаралары уюштурулуп, түзүлгөн графиктин негизинде 2023-жылдын 28-март күнү кичи футбол өткөрүлдү.

Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, ага облус аймагындагы район-шаарлардан 10-11-класстын окуучуларынан түзүлгөн командалар келишти. Жалпысынан 6 команда катышып, оюн кызыктуу өткөрүлдү.

Оюндун максаты жаштар арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө, кылмыштуулукту алдын алуу, жаштарды спортко тартуу, кийинки муундарга үлгү болуу үчүн уюштурулган.

I орунга Кызыл-Кыя шаарынын, II орунга Кадамжай районунун, III орунга Баткен шаарынын командалары ээ болуп, Баткен ОИИБдин Кубогу, грамотасы жана башка кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

29-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X