Баткен шаарында прокуратуранын заманбап имараты пайдаланууга берилди

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 198

Бүгүн Баткен шаарында Баткен облустук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттин Администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиев, Башкы прокурор Максат Асаналиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен облустук прокурору Абай Молдокматов жана прокуратура органдарынын кызматкерлери катышты.

Возможно, это изображение текст

Жаңы эки кабаттуу имарат заманбап талаптарга жооп берип, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштуруу үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалган. Объект республикалык бюджеттин эсебинен курулду.Возможно, это изображение Дворец Парламента, Румыния и текст "ПРОКУРАТУРА ПРОК РАТУРА"

Ачылыш аземинде белгиленгендей, мындай инфраструктуралык долбоорлор прокуратура органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.Возможно, это изображение один или несколько человек

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X