Баткенде 17 баш уйду мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 331

Баткен районунун Курук-Сай тилкесинде чек арачылар 17 баш уй жана бир атты Тажикстандын аймагына мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган эки жаранды кармашты.

Маалыматка ылайык, окуя 16-июнга караган түнү катталган. Шектүүлөр чек арадагы тосмо зымдарды кесип өтүп, малды белгиленген өткөрүү пункттарынан тышкары аймак аркылуу алып өтүүгө аракеттенишкен.

Чек арачылар мыйзам бузгандарды токтотуу үчүн чара көрүшкөн. Бирок жарандар каршылык көрсөтүп, мыйзамдуу талаптарга баш ийишкен эмес. Алгач эскертүү иретинде асманга ок атылган. Ага карабастан шектүүлөр токтобогондуктан, чек арачылар курал колдонууга аргасыз болушкан.

Натыйжада кармалгандардын бири бутунан жаракат алган. Ага жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Баткен шаардык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер анын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.

Учурда кармалган жарандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, окуя боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X