Баткенде 43°С ысыкка байланыштуу шашылыш жыйын өттү

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 222

Баткен облусунда абанын температурасы 41–43°Сге чейин көтөрүлөрү күтүлгөндүктөн, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам жыйын өттү. Аны президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жетектеди.

Жыйында эл көп чогулган жайларда суу себүү иштерин уюштуруу, калкка ысыктан сактануу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана медициналык мекемелерди кошумча күч-каражат менен камсыздоо тапшырылды.Возможно, это изображение отдел новостей и текст

Мындан тышкары, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгына суу объектилериндеги коопсуздук боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү, ал эми Ички иштер башкармалыгына Төрт-Гүл суу сактагычында патрулдук көзөмөлдү күчөтүү милдети жүктөлдү.

Бактыбек Токсонбаев бардык тиешелүү кызматтарга жарандардын коопсуздугун камсыздоо иштерин үзгүлтүксүз жана ыкчам уюштурууну тапшырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X