Баткенде 500 орундуу жаңы мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 46

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулуп бүттү. Учурда билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына карата эшигин ачууга даяр.

Мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Долбоорду Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ишке ашырып, бардык чыгым республикалык бюджеттен каржыланды. Объекттин жалпы наркы 164 миллион сомду түздү.

Эки кабаттуу жаңы имараттын жалпы аянты 3 220 чарчы метр. Окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө басым жасалып, мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, компьютердик класс, ашкана, жыйындар залы жана спорт зал да каралган.

Курулуштун сапаты да көзөмөлдөн чыгып калган эмес. Министрликтин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан иштердин жүрүшү үзгүлтүксүз текшерилип, ар бир этаптын аткарылышы көзөмөлгө алынган.

Жаңы мектептин ачылышы менен Жаңы-Жер айылындагы окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу билим алуу шарттары түзүлөт.

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X