Баткенде 60 балага ылайыкталган бала бакчанын жаңы корпусу ачылды
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы «Актилек» балдар бакчасынын кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине район акиминин орун басары Сүйүнбай Сатыбалдиев катышып, жаңы корпустун ачылышы балдардын мектепке чейинки билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзөрүн белгиледи.
Маалыматка ылайык, учурда бала бакчада 100 бала тарбияланып, 8 тарбиячы эмгектенет. Бала бакчанын имараттары 1982-жылы курулган, ал эми мекеме 2007-жылы ЮНИСЕФ уюмунун жана айыл өкмөтүнүн колдоосу менен ишке берилген.
Кошумча корпусту оңдоп-түзөө иштери «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун жана айыл өкмөтүнүн колдоосу менен жүргүзүлдү. Бир кабаттуу имаратта эки окуу бөлмөсү, ички санитардык түйүн жана усулдук бөлмө бар.
Жаңы корпус ачылгандан кийин эки кыска мөөнөттүү тайпа түзүлүп, дагы 60 баланы мектепке чейинки билим берүү жана тарбия менен камтууга мүмкүнчүлүк пайда болот.