Баткенде акимдин шахмат боюнча Кубогу өткөрүлдү

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 119

Баткен районунда акимдин шахмат боюнча Кубогу өтүп, ага шахмат сүйүүчүлөрү катышты.

Мелдеште оюнчулар өздөрүнүн тактикасын, чеберчилигин жана логикалык ой жүгүртүүсүн көрсөтүштү. Иш-чарага район акиминин орун басары Сүйүнбай Сатыбалдиев катышып, шахмат жаштардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, сабырдуулукка жана туура чечим кабыл алууга үйрөтөрүн белгиледи.

Мелдештин жүрүшү концерттик программа менен коштолду. Жеңүүчүлөр жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар баалуу сыйлыктар жана кубоктор менен сыйланышты.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X