Баткенде акыркы үч айда 4 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон
Баткенде акыркы үч айда 4 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылы Баткен облусунда оң рулдуу унаалардын айдоочулары катышкан 33 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен төрт адам каза болуп, 86 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алган.
«Быйылкы жылы акыркы үч ай аралыгында оң рулдуу унаалар катышкан 4 жол кырсыгы катталган. Анын айынан 3 жаран каза болуп, 1 жаран денесинен жаракат алып ооруканага кайрылган», -деп айтылат маалыматта.
Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыган оң рулдуу унаалардын айдоочулары менен жолугуп, жол кыймылынын кырсыктарына учурабоо, анын каргашалуу кесепеттерин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө.