Баткенде алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга эркинен ажыратылды

6-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Баткен облусунда алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, сот аткаруучулардын өндүрүшүндө жаран Д.С.Кдан жубайы О.Ж.Гнын пайдасына кирешесинин жарымы өлчөмүндө алимент өндүрүү боюнча иш каралып келген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө карызкор 2022-жылдын декабрь айынан 2026-жылдын январь айына чейин алиментти такыр төлөбөгөнү аныкталган. Натыйжада анын жалпы карызы 425 миң 801 сомду түзгөн.

Алимент төлөөдөн узак убакыт бою баш тартып келгенине байланыштуу, тиешелүү материалдар сотко өткөрүлүп берилген.

2026-жылдын 3-апрелинде Баткен райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, сот залынан камакка алып, 2 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Сот аткаруучулар кызматы ата-энелерди балдарынын алдындагы милдеттерин өз убагында аткарууга чакырып, мыйзам талаптарын аткарбоо оор кесепеттерге алып келерин эскертти.

6-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X