Баткен облусунда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча базалык изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланып, сунуштар айтылды.
Жолугушуу БУУнун «Аялдар» түзүмүнүн «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту нөл эсеге келтирүү» (Zero VAWG Initiative) демилгесинин алкагында өттү.
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева катышты.
Талкууда үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу, аялдар менен кыздардын коопсуздугун камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде зомбулуктун алдын алуу маселелери каралды. Ошондой эле базалык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча катышуучулардын пикирлери угулуп, сунуштар чогултулду.
Жолугушууга Кадамжай жана Лейлек райондорунун мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү комитеттердин өкүлдөрү катышты.