Баткенде «Биримдик кербенине» салым кошкондор сыйланды

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 76

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» иш-чарасына активдүү катышкан Баткен облусунун кызматкерлери жана тургундары сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземинде иш-чараны уюштурууга демилге көтөргөн уюштуруучулар жана негиздөөчүлөр Курбангалиев Жумакадыр Билалович менен Маматисаев Сакчыбек Маматисаевич активдүү катышуучуларга ыраазычылык билдиришти.Возможно, это изображение текст

Аземге Кыргызстандын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева катышып, «Биримдик кербенинин» негизги максаты элдин ынтымагын жана достугун бекемдөө, улуттук баалуулуктарды даңазалоо экенин белгиледи.

Баткен облусунун атынан үч райондон үч өкүл — Алимкулов Чыңгызбек, Жумабаев Алтынбек жана Аширали уулу Сахабидин — 40 күн бою өлкө аймагын аралап, Ысык-Көлдөгү «Кырчын» жайлоосунда өткөн көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышып келишкен.

Иш-чаранын соңунда «Биримдик кербенине» активдүү катышкан жарандарга ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар тапшырылды.

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X