"Эркин-Тоо"

Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычы тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги «Кулунду» заставасындагы чек арачыларга кызматтык үйлөрдү тапшырды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, чек арачылардын турак-жай комплекси 30 батирлүү болуп, турмуш-тиричилик техникалары менен толугу менен камcыздалган, Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.

 

Андан соң атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кулунду» чек ара заставасынын имаратынын абалын көрүп, аскерлердин жашоо-шарты менен таанышып, Баткенге болгон иш сапарынын алкагында  аскердик имараттардын ачылыш аземдерине катышты.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!